Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 22-февралындагы № 95 буйругу менен Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы А.С. Сапаров, 24-февралындагы № 97 буйругу менен Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Ибраимакун уулу Жанышбек тиешелүү райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары – акимдеринин биринчи орун басарлары болуп дайындалган.
Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2016-жылдын 1-мартындагы №05 буйругу менен Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы А.С. Сыдыканов, берген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотулган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Дөбөлү жана Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2016-жылдын 22-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
- Жумгал, Нарын жана Кочкор аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 3 - марты
№ 48