04.06.2021 №362 Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай, Ноокен районунун Арал, Токтогул районунун А.Суеркулов, Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

2021-жылдын 2-июнуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо, катталган эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калгандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган.

2021-жылдын 3, 4-июнуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал, Токтогул районунун А.Суеркулов, Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо, бир дагы катталган талапкер айылдык кеңештин депутаттарынын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланбай калган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай, Ноокен районунун Арал, Токтогул районунун А.Суеркулов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2021-жылдын 18-июнуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2021-жылдын 18-июнуна дайындалсын жана саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Тогуз-Торо, Ноокен, Токтогул жана Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М. Конурбаевге жүктөлсүн.

 

           ТӨРАГА                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 4-июну

№ 362