«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 04-пунктуна, 10-бөлүгүнүн 1, 8-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – БШК) 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө» жобого ылайык, Б.Закиряеванын, П.Э.Маматовдун арыздарынын, Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамдан комиссиянын мүчөсү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Закиряева Барчынай (комиссиянын катчысы) чыгарылсын;
- комиссиянын резервинен «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан Маматов Парпи Эшдоолатович чыгарылсын.
2. Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамдан комиссиянын мүчөлөрү: «Ата-журт» мекенчил партиясы» саясий партиясынан Таджиматов Амат Маматкулович; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Токторбаев Махамаджан Асилбекович чыгарылсын;
- резервден комиссиянын курамына: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Раева Ыкыбалы Абдыразаковна, Аданов Абдырахман киргизилсин.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана БШКнын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети БШКнын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 30-январы
№ 14