«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6- жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Эл аралык байкоочу катары аккредитациялансын:
- АКШ элчилигинен (№ 1 тиркеме – 29 адам);
- Түрк тилдүү Өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы (№ 2 тиркеме – 6 адам);
- КМШ катышуучулары – мамлекеттердин парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинен (№ 3 тиркеме – 21 адам);
- “Кененсары Хан” Коомдук Фондунан (№ 4 тиркеме – 4 адам);
- ЕККУ/ДИАУБ Миссиясынан (№ 5 тиркеме – 83 адам).
2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом ЖМКга жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж. Баялиновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш. 2010-жылдын 2-октябры
№ 295