15.06.2021 № 462 2021-жылы 9 жана 10-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун  Будалык, К. Белекбаев ат. Алай жана Гүлчө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнү

2021-жылы 9 жана 10-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун  Будалык, К. Белекбаев ат. Алай жана Гүлчө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 9 жана 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                         25-майындагы № 298 токтому менен дайындалган Ош облусунун Алай районунун Будалык, К. Белекбаев ат. Алай жана Гүлчө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Будалык айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Мусабаев Кадырбек Арапбаевич катталган. Талапкер Будалык айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Алай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Будалык айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, К.А. Мусаев – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Алай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Мусабаев Кадырбек Арапбаевич Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

К. Белекбаев ат. Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Кулов Анарбек Абдыраманович, Тажибаев Жумабек Аланович катталган. Талапкерлер К. Белекбаев ат. Алай айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Алай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен К. Белекбаев ат. Алай айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, А.А. Кулов – 16 добуш, Ж.А.Тажибаев – 4 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

         Алай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Кулов Анарбек Абдыраманович К. Белекбаев ат. Алай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Исаев Сүйөрбек Курманбекович, Ормонбек уулу Эрмек катталган. Талапкерлер Гүлчө айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Алай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Гүлчө айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, С.К. Исаев - 12 добуш, Э. Ормонбек уулу – 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

 Алай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен  Исаев Сүйөрбек Курманбекович Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Алай районунун Будалык, К. Белекбаев ат. Алай жана Гүлчө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 9 жана 10-июнундагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынын Будалык, К. Белекбаев ат. Алай жана Гүлчө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7,                        18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Будалык, К. Белекбаев ат. Алай жана 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Гүлчө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9 жана 10-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Алай районунун Будалык, К. Белекбаев ат. Алай жана Гүлчө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Мусабаев Кадырбек Арапбаевич Ош облусунун Алай районунун Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3.  Кулов Анарбек Абдыраманович Ош облусунун Алай районунун                 К. Белекбаев ат. Алай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4.  Исаев Сүйөрбек Курманбекович Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Алай аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Будалык, К. Белекбаев ат. Алай жана Гүлчө айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                                                  

Бишкек ш., 2021-жылдын 15-июну

№ 462