03.07.20ж. №125 Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл Өзгөрүш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл Өзгөрүш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 108 токтому менен 2020-жылдын 30-июнуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысы катталган талапкерлерге караганда айылдык кеңештин депутаттарынын добуштарынын көпчүлүгү “бардык талапкерлерге каршы” позициясына берилгендигине байланыштуу шайланган жок.
2. Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 4-сентябрындагы № 163 буйругу менен Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы Бекишов Абдыбек Дуйшобекович айылдык кеңешинин депутаттары ишенбестик билдиргенинин негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык, эгерде айыл өкмөтүнүн башчысы ишеним көрсөтпөөнүн мыйзамдуулугу жөнүндө арыз менен сотко кайрылса, жаңы шайлоону дайындоо сот арызды биротоло карап бүткөнгө чейин токтотулуп турат.
2019-жылдын 19-сентябрында А. Д. Бекишов Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 4-сентябрындагы № 163 тескемесин анык эмес деп таануу жөнүндө Токтогул райондук сотуна кайрылгын.
Жалал-Абад облусундагы Токтогул райондук соту Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 4-сентябрындагы № 163 тескемесин анык эмес деп таануу жана А.Д. Бекишевди Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна калыбына келтирүү жөнүндө 2019-жылдын 5-декабрында № ГД-677/19Д11 чечимин кабыл алган.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан Токтогул райондук сотунун 2019-жылдын 5-декабрында № ГД-677/19Д11 чечими Жалал-Абад облустук сотуна даттанган.
Токтогул райондук сотунун 2019-жылдын 5-декабрында № ГД-677/19Д11 чечимин анык эмес деп таануу жөнүндө Жалал-Абад облустук соту тарабынан 2020-жылдын 26-февралында № АД-05-100/20-ГД чечим кабыл алынган жана А. Бекишевдин арызын канааттандыруудан баш тартуу тууралуу жаңы чечим кабыл алынган.
А. Д. Бекишов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кассациялык даттануу менен кайрылган.
Жалал-Абад облустук сотунун 2020-жылдын 26-февралында № АД-05-100/20-ГД чечимин күчүндө калтыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 2020-жылдын 9-июнунда № 05-825/20ГД токтомун кабыл алган, токтом жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет жана даттанууга жатпайт.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын жаӊы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2020-жылдын 17-июлуна дайындалсын жана саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 22-июлуна дайындалсын жана саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Түп жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоолорду өткөрүүнү, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону уюштурсун жана камсыздасын:
- добуш берүүчү жайдын ичин залалсыздандыруу;
- шайлоо процессинин катышуучуларынын бири биринин ортосундагы 1,5-2-метрлик аралыкты сактоо үчүн ченемдерди белгилөө;
- жайдын кире беришине жана бюллетень берген жерлерге колду залалсыздандыруучу каражаты менен камсыз кылуу;
- шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын контактсыз термометр менен өлчөө;
- шайлоо процессинин катышуучуларына бет кап жана кол кап берүү;
- колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды залалсыздандырып туруу.
4 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты (Конурбаев М.А.) керектүү материалдар (бет кап, кол кап жана санитайзер) менен камсыздоого көмөктөшсүн.
5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 3-июлу
№125