2014-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 187 токтому менен дайындалган Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо өткөрүлдү.
Бишкек жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, “Борбордун статусу жөнүндө” , “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы №191 токтому менен бекитилген “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2014-жылдын 15-январындагы Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Бишкек шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2. Кулматов Кубанычбек Кенешович Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын шайланган мэри деп табылсын.
2. 2014-жылдын 15-январындагы Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Ош шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.3. Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич Ош шаарынын шайланган мэри деп табылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына – Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. Д. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 20-январы
№ 6