18.06.2021 № 513 2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Араван районундагы Мангыт айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-июнундагы
2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Араван районундагы Мангыт айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-июнундагы протоколдорун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – КР БШК) 2021-жылдын 25-майындагы № 294 токтому менен Ош облусунун Араван районундагы Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 11-июнуна дайындалган.
Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 5 талапкер – Абдураимов Насридин Сатвалдиевич, Беганов Элгамназар Азатович, Мансыркулов Бексултан Маматжанович, Маткаримов Ырысбек Мамасалиевич, Шаймкулов Алмазбек Абдуганиевич катталган. Талапкерлер Мангыт айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Араван аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен эки турдагы шайлоодо Мангыт айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, биринчи турунда Н.С. Абдураимов - 0 добуш, Э.А. Беганов – 4 добуш, Б.М. Мансыркулов – 6 добуш, Ы.М. Маткаримов – 5 добуш, А.А. Шаймкулов– 4 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 2 добуш берилгендиги белгиленген, экинчи турунда, Б.М. Мансыркулов - 5 добуш, Ы.М. Маткаримов – 14 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 2 добуш берилгендиги белгиленген.
Араван аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Маткаримов Ырысбек Мамасалиевич Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде «Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта иш стажы же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 2 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат».
Шайланган башчы Ы.М. Маткаримовдун келип түшкөн документтерин текшергенде, анын эмгек стажы жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык келбей тургандыгы аныкталган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 11-июнундагы өткөрүлгөн Ош облусунун Араван районундагы Мангыт айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-июнундагы протоколдору жокко чыгарылсын.
2. Талапкер Маткаримов Ырысбек Мамасалиевичтин Ош облусунун Араван районундагы Мангыт айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер катары каттоосу жокко чыгарылсын.
3. Документтерди кабыл алууда жана алардын мыйзамдардын талаптарына ылайыктуулугун текшерүүдө Араван аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Ф.К. Алибекованын жетишсиз иш алып баргандыгы белгиленсин.
4. Араван аймактык шайлоо комиссиясына Ф. К. Алибекованын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо сунушталсын.
5. Бул токтом Араван аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 18-июну
№ 513