Ош облусунун Кара-Суу районундагы N 5228, N 5234, N 5236, N 5254, N 5459 шайлоо участкаларынан келип түшкөн шайлоо документтерин текшерүүнүн натыйжасында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы 31-беренесин - добуш берүү тартибин, 37-беренеси - шайлоонун натыйжаларын аныктоонун тартиби жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын №89 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана анын тариби жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө Жобонун» талаптарын одоно бузууга жол берилгендиги аныкталды, тактап айтканда №5228 Падаван шайлоо участкасындагы шайлоочулардын тизмесине кирген 1544 шайлоочу болсо, добуш бергендердин саны - 1544 болуп 100 %ды түзгөн, анын ичинен идентификациядан өткөндөрдүн саны – 695 шайлоочу. Калган 849 шайлоочу идентификациядан өткөн эмес.
№5234 Беш-Капа шайлоо участкасындагы шайлоочулардын тизмесине кирген 1093 шайлоочу болсо, добуш бергендердин саны - 1066 болуп 97,5 %ды түзгөн, анын ичинен идентификациядан өткөндөрдүн саны – 441 шайлоочу. Калган 625 шайлоочу идентификациядан өткөн эмес.
№5236 Кош-Таш шайлоо участкасындагы шайлоочулардын тизмесине кирген 1883 шайлоочу болсо, добуш бергендердин саны - 1433 болуп 76,1 %ды түзгөн, анын ичинен идентификациядан өткөндөрдүн саны – 975 шайлоочу. Калган 458 шайлоочу идентификациядан өткөн эмес.
№5254 Асан-Чек шайлоо участкасындагы шайлоочулардын тизмесине кирген 2323 шайлоочу болсо, добуш бергендердин саны - 2233 болуп 96,1 %ды түзгөн, анын ичинен идентификациядан өткөндөрдүн саны –1075 шайлоочу. Калган 1158 шайлоочу идентификациядан өткөн эмес.
№5459 Маруфий шайлоо участкасындагы шайлоочулардын тизмесине кирген 1785 шайлоочу болсо, добуш бергендердин саны - 1781болуп 99,8 %ды түзгөн, анын ичинен идентификациядан өткөндөрдүн саны –965 шайлоочу. Калган 816 шайлоочу идентификациядан өткөн эмес.
Мындай одоно мыйзам бузуулар шайлоо участкасында талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын так аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген добуш берүүнүн, добуштарды саноонун, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзүүнүн тартибин бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын анык белгилөөгө мүмкүнчүлүк бербейт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 31-беренеси - добуш берүү тартиби, 37-беренеси шайлоонун натыйжаларын аныктоонун тартиби жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын №89 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштурууну жана анын тартиби жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө Жобонун» жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ош облусунун Кара-Суу районундагы N 5228, N 5234, N 5236, N 5254, N 5459 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын.
- Ушул токтом колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, мыйзам бузууларга жол берген адамдарга карата тийиштүү чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн.
- Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ж. Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 14 октябрь 2015-жыл
№ 171
2015-жылдын 14-октябрында жарыяланды