Манас жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен чыгаруу жөнүндө К.Н. Отошеванын, А.А. Кумашованын, Б.К. Давлеталиевдин, М.Т. Озубековдун арыздарынын, ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан А.Б.Нурманбетовду, Т. Окушеваны чыгаруу жөнүндө Талас жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Манас аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Замандаш-Современник» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Отошева Кансаадат Назаркуловна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден «Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн Тологонова Хамида Эргешбаевна киргизилсин.
2. Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кумашова Аида Анаркуловна; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Нурманбетов Абдыкерим Бузурманалиевич чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Мамырбаева Сагынбубу Арыкбаевна; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сооронбаев Эсенкул Эмилбекович киргизилсин.
- комиссиянын резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Давлеталиев Бакыт Карагулович, Озубеков Мукан Токбаевич чыгарылсын.
3. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Окушева Турум чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден «Республика» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Нуралиев Акыйкат Беккожоевич киргизилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 8-июлу
№ 70