Аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен жана курамынан чыгаруу жөнүндө А.Д. Асанбековдун, С.И. Медиеванын, С.К. Маматалиеванын арыздарынын, Ысык-Көл, Кара-Буура жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын Т.Т. Карасартовду, А.Д. Джапаровду, Ч.С. Сатылгановду, М.А. Момбековду жана В.Ж. Абдыгулованы системалык түрдө өз милдеттерин жана тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн комиссиянын курамдарынан чыгаруу жөнүндө сунуштамаларынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,6,7-пункттарына, 22-беренесиндеги 10-бөлүктүн 1,10-пункттарына, 1-бөлүктүн 1,2-пунктарына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жобосуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Асанбеков Айбек Дюшенбекович - “Акшумкар” саясий партиясынан;
- комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Хан Зулфия Рахманалиевна – “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынан.
2.Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Карасартов Таалайбек Тентимишович – “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан; Джапаров Алмазбек Дюшекеевич – “Каганат” саясий партиясынан;
- комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Баимбетова Халича Баимбетовна – “Демократическая партия “Туран” саясий партиясынан; Асанбаев Алыбек Кенешович – “Республика” саясий партиясынан.
3.Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Сатылганов Чынгыз Сатылганович –“Улуттар биримдиги элдик партиясы” саясий партиясынан; Момбеков Мансур Анатаевич – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
- комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Абдыкеримова Клара Кошубековна – “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан; Бейсебаев Сейджан Рахманбекович - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
4. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Абдыгулова Венера Жамалидиновна – “Улуттар биримдиги элдик партиясы” саясий партиясынан;
- комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Атыканова Анара Кадыкеевна – “Кыргызстандын Демократиялык кыймылы партиясы” саясий партиясынан.
5. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен чыгарылсын: Медиева Сание Илимдаровна - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
6. Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен чыгарылсын: Маматалиева Саадат Капаровна - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 16-майы
№ 69