09.04.20 ж. №88. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж. Исмаилованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж. Исмаилованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
“Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 1-апрелиндеги №61 жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалган, ошондой эле ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча 2020-жылдын 4-апрелиндеги жеке арызы келип түшкөн.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен коошпогон ишке өтүүсүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1,3-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 6-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,3-пункттарына, 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исмаилова Аида Жекшенбаевнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исмаилова Аида Жекшенбаевнанын күбөлүгү жараксыз деп эсептелинсин.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 9-апрели
№ 88