02.11.2020 №290 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 116 токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө жобо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын
26-июнундагы № 116 токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-28-беренелерине ылайык, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө жобо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 116 токтомуна тѳмѳндѳгүдѳй ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:
1) токтомдун аталышы тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө жобо»;
- токтомдун 1-пункту тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«1. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө» Жобо бекитилсин;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө Жободо:
- аталышы тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө Жобо»;
- 1-пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«1. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субеъекттерин маалымдоо жөнүндө» ушул жобо (мындан ары – Жобо) шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоонун, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочуларды маалымдоого шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет-басылмалардын катышуусунун жалпы шарттарын жѳнгѳ салат.»;
- 2-пункттагы «жана Кыргыз Республикасынын башка» деген сѳздѳр «жана башка Кыргыз Республикасынын» деген сѳздѳргѳ алмаштырылсын;
- 3-пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«3. Шайлоочуларды маалымдоо шайлоо кампаниясынын жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын, шайлоо участкаларынын иштери, шайлооочулардын тизмесин түзүүнүн жана ѳзгѳртүүнүн тартиби, добуш берүүгѳ катышуунун тартиби, добуш берүүнүн тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилѳѳнүн тартиби жана шайлоонун натыйжаларын белгилѳѳ; кайсы бир талапкерге (талапкерлерге) саясий партияга (саясий партияларга) артыкчылык түзбѳстѳн, тигил же бул талапкерге (талапкерлерге), тигил же бул саясий партияга же болбосо алардын баарына каршы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү белгилерин камтыбаган талапкер (талапкерлер), саясий партия (саясий партиялар), алардын программалары тууралуу расмий маалыматтарды даярдоо жана таркатуу боюнча шайлоо комиссияларынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын иштери жѳнүндѳ шайлоо кампанияларынын мезгилинде маалыматтарды даярдоо жана таркатуу боюнча иштер болуп саналат.»;
- 5-пункттагы «саясий партиялардын» деген сѳздѳрдүн алдында тийиштүү жѳндѳмѳдѳгү «талапкер» деген сѳз менен толукталсын;
- 7-8-пункттар тѳмѳндѳгүдѳй редакцияда баяндалсын:
«7. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылуучу же башка ыкма менен таратылуучу маалыматтык материалдардын мазмуну объективдүү, анык болууга тийиш, талапкерлердин, саясий партиялардын теңчилдигин бузбоого, кандай гана болбосун кайсы бир талапкерге, саясий партияга артыкчылык бербѳѳгѳ тийиш.
Маалыматтык теле- радио программаларында, мезгилдүү басма сѳздѳрдѳгү басылмаларда (менчигинин түрүнѳ карабастан) катталган талапкерлер, саясий партиялар жѳнүндѳ маалыматтар, талапкерлер, саясий партиялар ѳткѳргѳн шайлоо алдындагы иш-чаралар жѳнүндѳ билдирүүлѳр комментарий берилбестен, ѳзүнчѳ маалымттык блок катары берилүүгѳ тийиш. Мындай маалыматтык блоктор талапкерлер, финансы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳр, саясий партиялар тарабынан тѳлѳнбѳйт. Аларда кайсы бир талапкерге, саясий партияга басым жасоого, кайсы бир талапкерди же саясий партияны дискриминациялоого, анын ичинде алдардын шайлоо алдындагы иштерине, мындай билдирүүлѳр үчүн бѳлүнгѳн эфир убактысынын же басылма аянтынын кѳлѳмүнѳ артыкчылык берилбѳѳгѳ тийиш.
8. Талапкерлер, талапкерлердин тизмесин кѳрсѳткѳн же шайлоодо катышуучусу катары катталган саясий партиялар, же алардын өкүлдөрү тарабынан аларды идентификациялоого (алардын таандуулугун аныктоо) жол берүүчү саясий партиялардын аталыштарын (толук, кыскартылган же аббревиатураларын), эмблемаларын, төш белгилерин, логотиптерин же алардын мүнөздүү курамдык бөлүктөрүн, желегин, девиздерин, жазууларын жана/же башка атрибуттарын (символикаларын) пайдалануу менен маалыматтарды же башлка материалдарды жайылтуу үгүт жүргүзүү болуп саналат жана шайлоо дайындалган күндөн тартып, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаганга чейинки мезгилде жана добуш берүү башталганга 24 саат калганга чейин жол берилбейт.
Талапкерлердин, саясий партиялардын штабдары жайгашылган имараттарда жана жайларда талапкерлердин, саясий партиялардын аталыштарын (толук, кыскартылган же аббревиатураларын), эмблемаларын, логотиптерин, төш белгилерин, желегин, девиздерин жана/же башка атрибуттарын (символикаларын) жайгаштыруу шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү болуп саналбайт.»;
- 2-глава тѳмѳнкүдѳй мазмундагы 131 пункт менен толукталсын:
«131. Банк же башка мекемелер жума сайын, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын талабы боюнча – 24 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына талапкердин, саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын келип түшүшү жана чыгымдалышы жѳнүндѳ маалымат берет. Аталган маалымат келип түшүшүнѳ жараша жеке маалыматтар жана банк купуялуулугу жѳнүндѳ мыйзамдарды эске алуу менен милдеттүү түрдѳ Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылууга жатат.»;
- 16-пунктта:
биринчи абзацта «жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет басылмалар» деген сѳздѳрдѳн кийин «Кыргыз Республикасынын Президентин жана» деген сѳздѳр менен толукталсын;
үчүнчү абзацта «Саясий партиялар жөнүндө» деген сѳздѳрдѳн мурда «Талапкерлер» деген сѳз менен толукталсын;
тѳртүнчү абзацта «интернет басылмалар шайлоолор,» деген сѳздѳрдѳн кийин «талапкерлерди» деген сѳз менен толукталсын;
- 17-пунктта «саясий партияларды» деген сѳздѳрдүн алдында «талапкерлерди» деген сѳз менен толукталсын;
- 20-пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«20. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттагандан кийин конституциялык мыйзамга ылайык белгиленген мѳѳнѳттѳ ар бир талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, иштеген жерин, ээлеген кызмат ордун жана жашаган жерин, саясий партиядан талапкерлердин тизмесин, ошондой эле алардын партияга таандуулугун көрсөтүү менен каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөздө жарыялайт.»;
- 21-пунктта «Саясий партия» деген сѳздѳрдѳн мурда «Талапкер,» деген сѳз менен толукталсын;
- 3-глава тѳмѳнкүдѳй мазмундагы 221 пункт менен толукталсын:
«221. Кѳрсѳтүлгѳн, катталган талапкерлер жѳнүндѳ, талапкердин жана саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынын түшүшү жана чыгымдалышы, талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы финансылык отчеттору тууралуу шайлоочуларды маалымдоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ишке ашырылат.»;
- 25-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2. Тѳмѳндѳгүлѳр күчүн жоготту деп таанылсын:
- «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө жобо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 150 токтому.
3. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жана үгүт жүргүзүү эрежелери маселеси боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Г.К. Джурабаевага жүктѳлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 2-ноябры
№ 290