29.04.2021 №168 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Шопоков шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21 түзөт. Шопоков шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 5 шайлоо участок түзүлгөн. Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 7 саясий партия катталды, 7 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан:  Бүткүл жаштар саясий партиясы - 18,63% (4 мандат); Ата-Журт Кыргызстан - 16,95% (4 мандат); “Ордо” - 16,36% (3 мандат); “Өнүгүү-Прогресс” - 14,78% (3 мандат); Ишеним - 12,19%  (3 мандат); “Социал-Демократтар” - 8,93% (2 мандат); “Республика” - 8,88% (2 мандат).   Шайлоочулардын саны 6 170 түзүп, анын ичинен 2 206 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 35,75% түзөт.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык 5 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 23-апрелиндеги протоколдорунун негизинде Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.

 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40, 51, 56-1-беренелеринин негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).

2.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.Бул токтомдун көчүрмөсү Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына жана Шопоков шаардык кеңешине жиберилсин.

4.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА   

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 29-апрели
№ 168