06.08.20г № 155 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 3-августундагы №182 буйругу менен Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Бердигулов Уланбек Турдубекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 25-августуна дайындалсын жана саат 09:00дон 12:00го чейин өткөрүлсүн.

2. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоолорду өткөрүүнү, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону уюштурсун жана камсыздасын:

- добуш берүүчү жайдын ичин залалсыздандыруу;

- шайлоо процессинин катышуучуларынын бири биринин ортосундагы 1,5-2-метрлик аралыкты сактоо үчүн ченемдерди белгилөө;

- жайдын кире беришине жана бюллетень берген жерлерге колду залалсыздандыруучу каражаты менен камсыз кылуу;

- шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын контактсыз термометр менен өлчөө;

- шайлоо процессинин катышуучуларына бет кап жана кол кап берүү;

- колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды залалсыздандырып туруу.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

                         Төрага                                                       Н. Шайлдабекова

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 6-августу
№ 155