06.08.20г № 156 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагындагы № 2285 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагындагы № 2285 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын №2285 шайлоо участкасынын дарегинин өзгөртүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагындагы № 2285 шайлоо участкасынын дареги, Ажек айылындагы орто мектебинин имаратынан Ажек айылындагы маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлсүн.
2. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөрүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 6-августу
№ 156