17.06.2021 № 498 2021-жылы 12-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Орток жана Жерге-Тал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 12-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Орток жана Жерге-Тал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 25-майындагы №292 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Нарын районунун Орток жана Жерге-Тал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.                                                                                             

Орток  айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Окенов Алтынбек Тентиевич,  Өмүрзаков Эркинбек Мусилимович  катталган. Талапкерлер Орток айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.                    

Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Орток  айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, А.Т. Окенов - 6 добуш, Э.М. Өмүрзаков – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.                                                                        

Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Окенов Алтынбек Тентиевич Орток  айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.                                                                                                                Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Бакаев Ызатбек Токтобекович, Сыдыгалиев Кулмат Асанбаевич катталган. Талапкерлер Жерге-Тал айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.       Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Жерге-Тал айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Ы.Т. Бакаев – 5 добуш,   К.А. Сыдыгалиев – 6 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.                                                                       

Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Сыдыгалиев Кулмат Асанбаевич  Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. 

  Нарын облусунун Нарын районунун Орток жана Жерге-Тал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 12-июнундагы Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын Орток жана Жерге-Тал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                  49-беренесине ылайык,                                                                                                    Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Нарын районунун 2021-жылы 12-июнунда өткөрүлгөн Орток  жана Жерге-Тал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын                             12-июнундагы протоколдору бекитилсин.                                                                  1.1. Нарын облусунун Нарын районунун Орток жана Жерге-Тал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.                                            1.2. Окенов Алтынбек Тентиевич Нарын облусунун Нарын районунун Орток  айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.                         1.3. Сыдыгалиев Кулмат Асанбаевич  Нарын облусунун                               Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.                                                                                                                  2. Нарын аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Орток жана Жерге-Тал айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.                                                                                                    3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.                                                                                             4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын  17-июну

№ 498