03.12.2020 №387 2020-жылы 30-ноябрда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2020-жылы 30-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 10-ноябрындагы № 301 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер –Исраилов Мирлан Мажитович катталган, талапкер Кочкор айылдык кеңешинин депутаты тарабынан сунушталган.                                                                             

Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 30-ноябрындагы протоколу менен Кочкор айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып,  М.М. Исраилов - 15 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 5 добуш берилгендиги белгиленген. 

Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 30-ноябрындагы протоколу менен Исраилов Мирлан Мажитович Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.                      2020-жылдын 30-ноябрындагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылы 30-ноябрда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 30-ноябрындагы протоколдору бекитилсин.                                                                                                       

 1.1. Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.                                 

1.2. Исраилов Мирлан Мажитович Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.                                                                                                       

2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы Кочкор айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.             

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.                                                                                       

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                А. БЕКМАТОВ

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 3-декабры

387