№89 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2019-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 3-июнундагы №75 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Добуш берүүнун жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык, Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 4 талапкер каталган - Абдыразаков Асылбек Таштанбекович, Тентимишов Марлен Бактыгулович, Жунушбаев Бакыт Оморбекович жана Момункулов Эмил Базаркулович. 4 талапкер жергилүктүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.
Добуш берүүгө Байтик айыл кеңешинин 21 депутаты баары катышты.
Добуш берүүдө Абдыразаков А.Т. – 8; Тентимишов М.Б. – 0; Жунушбаев Б.О. – 6; Момункулов Э.Б. - 7 добуш алышкан.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында бир да катталган талапкер тийиштүү добуш албагандыгына байланыштуу эң көп добуш алган Абдыразаков А.Т. жана Момункулов Э.Б. экинчи турга чыгышып,Абдыразаков А.Т. – 11; Момункулов Э.Б.- 7 добуш алышкан.
Шайлоонун натыйжасында Абдыразаков А.Т. Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылган.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана натыйжасына арыз даттануулар түшкөн жок.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 21-июнундагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Абдыразаков Асылбек Таштанбекович табылсын.
2. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы Байтик айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 28-июну
№ 89