15.06.2021 № 452 2021-жылы 9, 10, 11-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил, Казан-Куйган, Эмгек-Талаа, Ак-Кудук, Достук жана Жан-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары туура

 

2021-жылы 9, 10, 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын             21, 25-майындагы № 274, 292 токтомдору менен дайындалган Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил, Казан-Куйган, Эмгек-Талаа, Ак-Кудук, Достук жана Жан-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.                                                                                                 Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Бектуров Алтынбек Жунусович катталган. Талапкер Эмгекчил айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.                                                               Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Эмгекчил айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 10 депутаты катышып, А.Ж. Бектуров - 10 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.                                                                                                          Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Бектуров Алтынбек Жунусович Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.                                                                                                            Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Мамбеткулов Чынгыз Майрамбекович, Ырысбек уулу Элдар катталган. Талапкерлер Казан-Куйган айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.         Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Казан-Куйган айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Ч.М. Мамбеткулов – 9 добуш, Ырысбек уулу Э – 2 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.                                            Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Мамбеткулов Чынгыз Майрамбекович Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.                                                                                    Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Мукашов Кубанычбек Мукашович, Осмонова Анара Дүйшөналиевна катталган. Талапкерлер Эмгек-Талаа айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.                                                                                                        Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Эмгек-Талаа айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып,  К.М. Мукашов – 8 добуш, А.Д. Осмонова – 3 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.                                                   Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Мукашов Кубанычбек Мукашович Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.                                                                             Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Боскунчиев Улан Бейшенбекович катталган. Талапкер Ак-Кудук айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.                                                                        Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Ак-Кудук айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып,  У.Б. Боскунчиев – 7 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 4 добуш берилгендиги белгиленген.                                                                                                 Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Боскунчиев Улан Бейшенбекович Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.                                                                                                   Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер –Сейдилдаев Максатбек Сейдилдаевич катталган. Талапкер Достук айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.                                                         Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Достук айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 8 депутаты катышып,  М.С. Сейдилдаев – 8 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.                                                                                                 Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Сейдилдаев Максатбек Сейдилдаевич Достук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.                                                                                  Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер –Калиев Өмүрбек Асаналиевич, Шеримбеков Дүйшөнбек Казыбекович катталган. Талапкерлер Жан-Булак айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.                                                                                                                Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Жан-Булак айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып,  Ө.А. Калиев – 6 добуш, Д.К. Шеримбеков – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.                                                                         Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Калиев Өмүрбек Асаналиевич Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.                                                                                               Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил, Казан-Куйган, Эмгек-Талаа, Ак-Кудук, Достук, Жан-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.                                            2021-жылдын 9, 10, 11-июнундагы Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын Эмгекчил, Казан-Куйган, Эмгек-Талаа, Ак-Кудук, Достук жана Жан-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,                                                                                                   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Нарын районунун 2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Эмгекчил жана Казан-Куйган айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылы                 10-июнунда өткөрүлгөн Эмгек-Талаа жана Ак-Кудук айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылы 11-июнунда өткөрүлгөн Достук жана Жан-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9, 10, 11-июнундагы протоколдору бекитилсин.         1.1. Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил, Казан-Куйган, Эмгек-Талаа, Ак-Кудук, Достук, Жан-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.                                                                                          1.2. Бектуров Алтынбек Жунусович Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.                           1.3. Мамбеткулов Чынгыз Майрамбекович Нарын облусунун Нарын районунун Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.                                                                                                                          1.4. Мукашов Кубанычбек Мукашович Нарын облусунун Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.                                                                                                                      1.5. Боскунчиев Улан Бейшенбекович Нарын облусунун Нарын районунун Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.                                                                                                                         1.6. Сейдилдаев Максатбек Сейдилдаевич Нарын облусунун Нарын районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.     1.7. Калиев Өмүрбек Асаналиевич Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.          2. Нарын аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Эмгекчил, Казан-Куйган, Эмгек-Талаа, Ак-Кудук, Достук жана Жан-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.                                  3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.                                                                                      4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын  15-июну

№ 452