Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Э.А. Шакированын арызынын, Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Д. Джетигеновдун кайтыш болгондугу жөнүндө билдирүүсүнүн негизинде, Талас аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган Э.Д. Мураталиевдин Талас облусунун Талас районунун Калба айылдык кеңешинин депутаты болуп шайлангандыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,6,7-пункттарына, 22-беренесиндеги 10-бөлүктүн 1,6,7-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө» жана 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Шакирова Эрмек Ажакматовна, Джетигенов Дженишбек – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
- комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Айтбаева Алмакул Айдарбековна, Асиров Мансур - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
2. Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен чыгарылсын: Мураталиев Джанболот Эсенжанович - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 4- марты
№ 36