07.09.20 №203 2020-жылдын 28-августунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2020-жылдын 28-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-августундагы № 163 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн   районунун Кара-Жыгач  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Кара-Жыгач  айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Ормокоев Руслан Сардарбекович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.  

Аламүдүн   аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 28-августундагы протоколу менен Кара-Жыгач  айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, Р.С.  Ормокоев -11 добуш алганы, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Аламүдүн   аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 28-августундагы протоколу менен Ормокоев  Руслан Сардарбекович Кара-Жыгач  айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Аламүдүн   районунун Кара-Жыгач  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Аламүдүн   аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Жыгач  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын     6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылдын 28-августунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн   районунун Кара-Жыгач  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.

1.1. Чүй облусунун Аламүдүн   районунун Кара-Жыгач  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Ормокоев  Руслан Сардарбекович Чүй облусунун Аламүдүн   районунун Кара-Жыгач  айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Аламүдүн   аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Жыгач  айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                             Н. Шайлдабекова

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 7-сентябры

№ 203