27.08.20 № 178 Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов айыл аймагындагы № 5569 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын Н. Исанов айыл аймагындагы № 5569 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов айыл аймагындагы № 5569 шайлоо участкасынын дареги Жаңы-Базар айылындагы Н. Исанов көчөсү, 34 Н.Исанов айыл өкмөтүнүн имаратынан Жаңы-Базар айылындагы Н. Исанов көчөсүндөгү М. Ломоносов атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Н.Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 27-августу
№ 178