18.09.20 №222 Нарын шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндөгү  Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин бекитүү тууралуу

Нарын шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндөгү  Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Нарын шаардык  аймактык шайлоо комиссиясы Нарын шаардык кеңешинин  депутаттынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты шайланган депутатынан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Нарын шаардык кеңешинин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечими бекитилсин.

2. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандатты шайланган депутатынан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечими бекитилсин.

3. Нарын шаардык кеңешинин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутатынын күбөлүгү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.

4. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

          ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын  18-сентябры

№ 222