28.12.2020 №517 Ош облусунун Ноокат районунун аймагындагы № 5561 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

Ош облусунун Ноокат районунун аймагындагы № 5561 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын№ 5561 шайлоо участкасынын жылуулуктун жоктугуна байланыштуу дарегин өзгөртүү жөнүндө 2020-жылдын 24-декабрындагы № 33/3 чечимдин негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагындагы № 5561 шайлоо участкасынын дареги Бобулов Мамат ажы көчөсү, 58 дарегиндеги Калдай айылынын орто мекебинин имаратынан К. Бобулов көчөсү, 25 дарегиндеги «Үмүт Нуру» бала бакчасынын имаратына өзгөртүлсүн.

2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                               Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 28-декабры

517