15.06.2021 № 449 2021-жылы 9, 11-июнундаөткөрүлгөн Нарын облусунунАк-ТалаарайонунунЖаңы-Талап, Ак-Тал жана Үгүт айыл өкмөттөрүнүнбашчыларыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарыжана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 9, 11-июнундаКыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын20, 25-майындагы №245, 288 токтомдору менен дайындалган Нарын облусунунАк-Талаа районунунЖаңы-Талап,Ак-Тал жана Үгүтайыл өкмөттөрүнүнбашчыларыншайлоо болуп өттү.

Жаңы-Талапайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер Айтмамбетов Уланбек Билалович, Бийшенкулов Кенжебай Акжолтоевич, Ниязакунов Эралы Махмутказиевич катталган. ТалапкерлерЖаңы-Талап айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Жаңы-Талап айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутатыкатышып, У.Б. Айтмамбетов -6 добуш,К.А. Бейшенкулов – 3 добуш,Э. Ниязакунов – 2 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ак-Талаааймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Айтмамбетов Уланбек БилаловичЖаңы-Талапайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ак-Тал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер Аалыбаев Рахат Алманбетович, Жапаров Ильичбек Асанкулович, Сатаров Эркинбек Токтогазиевич катталган. Талапкерлер Ак-Тал айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган. 

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Ак-Тал айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып,                                                 Р.А. Аалыбаев - 6 добуш,И.А. Жапаров – 0 добуш, Э.Т. Сатаров – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Аалыбаев Рахат Алманбетович Ак-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. 

Үгүт айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер Иманкадыров Нурлан Токтобекович, Чыныбаев Өмүрбек Карыбекович катталган. Талапкерлер Үгүт айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган. 

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен                Үгүт айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 10 депутаты катышып,                                                 Н.Т. Иманкадыров - 4 добуш, Ө.К. Чыныбаев – 6 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Чыныбаев Өмүрбек КарыбековичҮгүтайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. 

Нарын облусунун Ак-Талаа районунунЖаңы-Талап,Ак-Тал жана Үгүтайыл өкмөттөрүнүнбашчыларыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 9, 11-июнундагы Ак-Талаааймактык шайлоо комиссиясынын Жаңы-Талап, Ак-Тал жана Үгүтайыл өкмөттөрүнүнбашчыларыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарыжана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүүбоюнчаборбордуккомиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Жаңы-Талапайыл өкмөтүнүн, 2021-жылы 11-июнунда өткөрүлгөнАк-Тал жана Үгүтайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын2021-жылдын  9, 11-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунунЖаңы-Талап, Ак-Тал жана Үгүтайыл өкмөттөрүнүнбашчыларыншайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Айтмамбетов Уланбек БилаловичНарын облусунун Ак-Талаа районунунЖаңы-Талапайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Аалыбаев Рахат Алманбетович Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.  

1.4. ЧыныбаевӨмүрбек Карыбекович Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.  

2. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Жаңы-Талап,Ак-Тал жана Үгүт айыл өкмөттөрүнүнбашчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 15-июну

№449