“Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 36-беренесинин 7-пунктун жана 55-беренесин жетекчиликке алып, талкуунун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. КСДП саясий партиясынын арызы Башкы прокуратурага жөнөтүлсүн жана арызда көрсөтүлгөн фактылардын аныктыгы, ошондой эле 24.kg маалыматтык агенттигинин сайтында баяндалган фактылардын аныктыгын аныктоону өтүнөт.
2. КСДП саясий партиясы арызда көрсөтүлгөн маселелерди сот тартибинде чечүү мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурсун.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом ЖМКда жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР БШКнын мүчөсү Р.Б.Бекбасаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 6-октябры
№306