10.06.2021 № 387 2021-жылы 3-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал жана Авлетим айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 3-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал жана Авлетим айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 216 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал жана Авлетим айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Айткулов Таалайбек Алимырзаевич, Көпөева Зулайка Токтосуновна катталган. Талапкер Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Жерге-Тал айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Т. Айткуловго – 10 добуш, З. Көпөевага – 11 добуш берилгендиги белгиленген.
Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Көпөева Зулайка Токтосуновна Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Атантаев Каныбек Рахманбердиевич катталган. Талапкер Аксы райондук мамлекеттик администрациянын башчысынан сунушталган.
Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Авлетим айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутаты катышып, К. Атантаевге – 19 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Атантаев Каныбек Рахманбердиевич Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал жана Авлетим айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 3-июнундагы Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын Жерге-Тал жана Авлетим айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 3-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал жана Авлетим айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал жана Авлетим айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Көпөева Зулайка Токтосуновна Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Атантаев Каныбек Рахманбердиевич Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Аксы аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Жерге-Тал жана Авлетим айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Эшимовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 10-июну
№ 387