№222 Ош облусунун Өзгөн районунун Баш- Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 30-ноябрындагы №214 токтому менен 2018-жылдын 19-декабрына дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Баш- Дөбө өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Ош облусунун Өзгөн районунун Баш- Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын Баш- Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Өзгөн районунун Баш- Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 19-декабрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Өзгөн районунун Баш- Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2 Ош облусунун Өзгөн районунун Баш- Дөбө айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Зулпукаров Курманбек Раимжанович табылсын.
2. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 24 - декабры
№222
Бишкек ш., 2018-жылдын 24 - декабры
№222