15.06.2021 № 467 2021-жылы 3, 4 жана 7-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя, Чаткал, Сумсар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 3, 4 жана 7-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун

Чаткал районунун Каныш-Кыя, Чаткал, Сумсар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 3, 4 жана 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                         19-майындагы № 217 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун  Чаткал районунун Каныш-Кыя, Чаткал, Сумсар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Мырзатаев Камалкан Ташматович, Токтогулов Омурзак Мамасалиевич, Батырбеков Кыязбек Азанканович, Смаилов Капарбек Кутбидинович катталган. Талапкерлер Мырзатаев Камалкан Ташматович, Токтогулов Омурзак Мамасалиевич Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын башчысынан, талапкерлер Батырбеков Кыязбек Азанканович, Смаилов Капарбек Кутбидинович Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Каныш-Кыя айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, К. Мырзатаевге – 0 добуш, О. Токтогуловго – 0 добуш, К. Батырбековго – 9 добуш, К. Смаиловго – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Смаилов Капарбек Кутбидинович Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Абдувалиев Мирсапар Шаанбекович, Султанбек уулу Расулбек катталган. Талапкерлер Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын башчысынан жана Чаткал айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Чаткал айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, М. Абдувалиевге – 9 добуш, Султанбек уулу Расулбекке – 12 добуш берилгендиги белгиленген.

Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Султанбек уулу Расулбек Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Оморов Чынгыз Ашырбекович катталган. Талапкер Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын башчысынан жана Сумсар айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Сумсар айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, Ч. Оморовго – 20 добуш берилгендиги белгиленген.

Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Оморов Чынгыз Ашырбекович Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя, Чаткал, Сумсар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 3, 4 жана 7-июнундагы Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын Каныш-Кыя, Чаткал, Сумсар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                  29-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун 2021-жылы 3-июнунда өткөрүлгөн Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн, 2021-жылы 4-июнунда өткөрүлгөн Чаткал айыл өкмөтүнүн, 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Сумсар айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3, 4 жана 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя, Чаткал, Сумсар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Смаилов Капарбек Кутбидинович Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Султанбек уулу Расулбек Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Оморов Чынгыз Ашырбекович Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Чаткал аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Каныш-Кыя, Чаткал, Сумсар айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 15-июну

№ 467