16.11.2020 №335 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер А.А. Касеновдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2020-жылдын 13-ноябрында кир.№ 01-06/3265 түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.А. Касеновдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Музыкин Виталий Валерьевич катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.А. Касеновдун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Дуйсекулова Асыл Есимкуловна катталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.А. Касеновдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 16-ноябры

№ 335