21.02.2020 №61 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Балыкчы, Каракол, Ысык-Көл жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин жана «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин2020-жылдын 10-февралындагы ПЖ №32 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Каракол шаардык кеңештеринин, Ысык-Көл районунун Кумбел жана Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 21-февралы
№61