11.06.2021 № 437 2021-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын            21-майындагы № 253 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер – Джумаев Эрмат Джумаевич көпчүлүк коалициясынан, Каниметов Адыл Жанкорозович«Эмгек» депутаттык фракциясынан сунушталып катталган.

Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн  жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен  Каракол шаардык кеңешиндеги баардык31 депутаты катышып,  Э. Дж. Джумаев - 19 добуш,А.Ж. Каниметов – 12 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Джумаев Эрмат ДжумаевичКаракол шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 10-июнундагы Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын Ысык-Көл облусунун Каракол  шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо   жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 10, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык,

КыргызРеспубликасынынШайлоожана референдум өткөрүүбоюнчаборбордуккомиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Джумаев Эрмат Джумаевич Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.

2. Каракол аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Каракол шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 15-июну

437