Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 30-июнундагы № 66 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоо шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси катышпагандыктан шайлоо өткөрүлгөн жок, ошондой эле Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2015-жылдын 4-июнундагы № 31 буйругу менен Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы К. Болотбеков өзүнүн арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жана № 424 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин кайра шайлоо (мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен) 2015-жылдын 29-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2015-жылдын 11-августуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Токмок жана Жумгал аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 23-июлу
№ 73
2015-жылдын 23-июлунда жарыяланды