26.03.2021 №92 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочуларды ак

2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №21 ПЖ Жарлыгына ылайык, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ханс Зайдель Фондунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн директорун, Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Беларусь Республикасынын Шайлоо жана республикалык референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү эл аралык байкоочулар катары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда 1-тиркемеге ылайык аккредитациялансын.

2. КМШга катышкан мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын тобу Кыргыз Республикасынын референдумунда эл аралык байкоочулар катары 2-тиркемеге ылайык аккредитациялансын.

3. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 26 март 2021-ж.

№ 92