№7 Баткен облусунун Лейлек, Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен А.А. Рахманбердиеванын, А.А. Темирбаевдин, Х.А. Турахуновдун, Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен К.М. Элетеновдун чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                21-1-беренесинин  1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Рахманбердиева Айжан Абдрапыковна, Темирбаев Анаркул Абдижалилович, Тураханов Хасанхан Авазханович комиссиянын резервинен чыгарылсын.
2.Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Элетенов Казыбек Мусакунович комиссиянын резервинен чыгарылсын.
3.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С. Жумагуловго жүктөлсүн.
       
ТӨРАГА                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын  19 - январы
№ 7