17.06.2021 № 481 ​​​​​​​2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-майындагы № 266 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун  Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Ташыбеков Бактыбек Шайлообаевич, Ызаканов Мамбеталы Жаркынбаевич катталган. Талапкерлер Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Кара-Жыгач айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутаты катышып, Б. Ташыбековго – 3 добуш,  М. Ызакановго – 16 добуш берилгендиги белгиленген.

Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Ызаканов Мамбеталы Жаркынбаевич Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 10-июнундагы Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Ызаканов Мамбеталы Жаркынбаевич Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Аксы аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                                

Бишкек ш., 2021-жылдын 17-июну

№ 481