22.01.2020. №10 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 154 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын ....

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 154 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө

Нускамага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы №117 Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы №154 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө” Нускамага (мындан ары – Нускама) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Нускаманын аталышы “шайлоону өткөрүүдө” деген сөздөрдөн кийин “талапкерлердин,” деген сөз менен толукталсын;

2) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Ушул Нускама талапкерлердин, саясий партиялардын атайын эсептерин ачуунун, жүргүзүүнүн, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсебинин жана отчеттуулугунун тартибин жөнгө салат.”.

3) 1.1. пунктта:

- биринчи абзацта “учурдан тартып” деген сөздөрдөн кийин “жеке өзү же болбосо” деген сөздөр менен толукталсын, “түзүүгө укуктуу” деген сөздөр “ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу түзүшөт” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- экинчи абзацта “жергиликтүү” деген сөз “шаардык” деген сөзгө алмаштырылсын;

4) 1.5. пунктта “саясий партияга,” деген сөздөрдн кийин “жана” деген сөз менен толукталсын;

5) 1.6. пунктта “көрсөтүлгөн эсептерди ачуунун, жүргүзүүнүн, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тартиби” деген сөздөр “талапкерлердин, саясий партиялардын атайын эсебин ачуу, жүргүзүү, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фондорунун каражаттары боюнча эсеби жана отчеттуулугу үчүн” деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 1.9. пункттун биринчи сүйлөмүндө “жана Борбордук шайлоо комиссиясы” деген сөздөр алып салынсын;

- төмөнкү редакциядагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

“Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы акча каражаттарын эсепке алуу жана чыгымдоо жөнүндө маалыматтар жума сайын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланат.”;

7) 2.1. пунктта:

экинчи абзацта “учурдан тартып,” деген сөздөрдөн кийин “жеке өзү же болбосо” деген сөздөр менен толукталсын;

- экинчи абзацта “түзүүгө укуктуу” деген сөздөр “ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу түзүшөт” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

“Талапкер же талапкерлердин тизмеси катталган учурда, талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар шайлоо алдында үгүт жүргүзүүлөрдү каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорунун ачык эсебин жүргүзүүнү улантышат.”

8)  2.4. пунктта:

- “ошондой эле шайлоого чейин даярдалган, алар тийиштүү шайлоо комиссиялары тарабынан эсепке алынат, үгүттөө-маалымдоо мүнөзүндөгү материалдардан” деген сөздөр алып салынсын.

- 3-пунктчанын алтынчы абзацында “талапкер” деген сөздөн кийин “, анын ичинде саясий партиядан талапкер” деген сөздөр менен толукталсын;

9) 2.5. пунктта “шайлоо эсебине” деген сөздөр “эсеп” деген сөз менен алмаштырылсын;

10) 3.1. пункттун он экинчи абзацында “же” деген сөз “паспорттук маалыматтарын, ошондой эле” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

11) 3.2. пунктта:

- “жол берилбейт” деген сөздөр “тыюу салынат” деген сөздөргө алмаштырылсын,

- “же башка” деген сөздөр алып салынсын;

12) 4-главанын аталышындагы “шайлоо эсептерин” деген сөздөр “эсептерди” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

13) 4.1. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

4.1. Шайлоо фондун түзүү үчүн талапкер, саясий партия атайын эсеп ачууга документтерди тариздөө тууралуу 1-форма боюнча арыз менен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына кайрылат.”;

14) 4.2. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

4.2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынан атайын эсеп ачууга жазуу жүзүндөгү 2-форма боюнча уруксат алгандан кийин айылдык кеңешке талапкерлер, айылдык кеңешке талапкерлерди көрсөткөн, же болбосо шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия шайлоо фондун түзүү үчүн атайын эсеп ачат.”;

15) 4.3. пунктта:

- биринчи абзацта “Банк тарабынан” деген сөздөр “Банк мекемелери тарабынан” деген сөздөргө, “шайлоо эсебин” деген сөздөр “эсепти” деген сөзгө алмаштырылсын,

- төртүнчү абзацта “паспорту же аны алмаштыруучу документи” деген сөздөр “паспорту” деген сөзгө алмаштырылсын;

- бешинчи абзац “партиянын” деген сөздөн кийин “финансы маселелери боюнча” деген сөздөр менен толукталсын;

- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“саясий партиянын же партиянын региондук (аймактык) бөлүмүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, саясий партиянын региондук (аймактык) бөлүмүнүн Уставынын же Жобосунун көчүрмөсү. (Көрсөтүлгөн документтерди өзүн өзү көрсөткөндөр бербейт).”;

- жетинчи абзацта “карточка” деген сөз “картачалар” деген сөзгө алмаштырылсын;

16) 4.4. пунктта:

- “шайлоо эсеби” деген сөздөр “эсеп” деген сөзгө алмаштырылсын;

- расмий тилдеги редакциядагы «обязана» деген сөз «обязаны» деген сөзгө алмаштырылсын;

17) 4.5. пунктта:

- “шайлоо эсеби” деген сөздөр “эсепти” деген сөзгө алмаштырылсын;

- пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

“Мында айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн саясий партия, айылдык кеңешке ар бир талапкер үчүн чыгымдардын жана келип түшүүлөрдүн белгиленген чектик суммасына талаптарды сактоого тийиш.”;

18) 5.1. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«5.1. Шайлоо фондун түзгөн талапкердин, саясий партиянын өздүк каражаттары жана жарандардын жана юридикалык жакттардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары банк же башка мекеменин атайын эсебине которулат. Шайлоо фондуларына түшкөн акча каражатар улуттук валютада кабыл алынат. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер кошуп эсептелбейт жана төлөнбөйт.”;

19) 5.2. пунктта:

- “мекемелери” деген сөз “мекемеси” деген сөзгө алмаштырылсын;

- “же паспортту алмаштыруучу документти”, “же жарандын паспортун алмаштыруучу документтин”, “же аны алмаштыруучу документтин” деген сөздөр алып салынсын;

20) 5.3. пунктта “мекемелери” деген сөз “мекемеси” деген сөзгө алмаштырылсын;

21) 6.1. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«6.1. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу багытка ээ. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн. Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө гана пайдаланылат:

1) шайлоо алдындагы үгүткө багытталган уюштуруу-техникалык чараларды финансылык камсыз кылууга;

2) ушул Мыйзамда белгиленген өлчөмдө шайлоо күрөөсүн төлөөгө;

3) шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан иштерди аткаргандыгы, кызмат көрсөткөндүгү үчүн төлөөгө, атап айтканда:

а) маалыматтык жана консультативдик мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөргө;

б) үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга;

в) жайлардын, жабдуулардын ижарасына;

г) транспорттук жана иш-сапардык чыгымдарды жабууга;

д) байланыш кызматтарына;

е) кеңсе товарларын, жабдууларды сатып алууга;

ж) жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяларды жарыялоого жана талапкердин чыгып сүйлөөсүнө;

з) шайлоо алдындагы чогулуштарды өткөрүүгө, шайлоочулар менен жолугушууга;

и) товарларды жеткирип берүүгө.”;

22) 6.3. пунктта:

- жумасына бир жолудан кем эмес” деген сөздөр алып салынсын;

- расмий тилдеги редакциясында “учреждениями банка” деген сөздөр “банковским учреждением” деген сөздөргө алмаштырылсын;

23) 6.4. пунктта:

- биринчи сүйлөмдө “же башка мекемелер” деген сөздөр “мекемелери” деген сөзгө алмаштырылсын;

- экинчи сүйлөм “түшкөнүнө жараша” деген сөздөрдөн кийин “жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен” деген сөздөр менен толукталсын;

- үчүнчү сүйлөмдө “же башка мекемелер” деген сөздөр “мекемелери” деген сөзгө алмаштырылсын, “шайлоо эсебиндеги каражаттардын” деген сөздөр “эсептеги каражаттарынын” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- үчүнчү сүйлөмдө “шайлоо комиссиясына” деген сөздөрдөн кийин “саясий партиянын талапкеринин” деген сөздөр менен толукталсын;

24) 7-главанын аталышында “Саясий партиялардын” деген сөздөрдөн кийин “талапкерлеринин” деген сөздөр менен толукталсын;

25) 7.1. пунктта:

- биринчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Талапкердин шайлоо өнөктүгү менен байланышкан белгилүү жумуштарды аткаруу жөнүндө (кызмат көрсөтүү жөнүндө) жарандар жана юридикалык жактар менен келишимдер (макулдашуулар) талапкердин жеке өзү же болбосо анын ыйгарым укуктуу өкүлү, ал эми саясий партиялардын шайлоо өнөктүгү менен байланышкандар – саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү менен гана түзүлөт.”;

- төртүнчү сүйлөмдө “(көрсөткөнү)” деген сөз алып салынсын;

26) 7.2. пунктта “(келишим, эсеп, акт)” деген сөздөр “(келишим, эсеп-фактура, коштомо кагаздар, кабыл алуу-өткөрүү актысы)” деген сөздөргө алмаштырылсын;

27) 7.3. пунктта “жүзөгө ашыруучу ишканаларга” деген сөздөрдөн кийин “№6 формасы боюнча” деген сөздөр алып салынсын, “(кызмат көрсөтүүлөрдү)” деген сөздөрдөн кийин “6-форма боюнча” деген сөздөр менен толукталсын;

28) 8.1. пунктта:

- биринчи абзацта “Шаардык кеңештин” деген сөздөргө чейин “Талапкер,” деген сөз менен толукталсын;

- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3) айылдык кеңештерге – мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтөн он эсе өлчөмүндө”;

29) 8.2. пункт “Саясий партия” деген сөзгө чейин “Талапкер,” деген сөз менен толукталсын;

30) 8.3. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«8.3. Шайлоо күрөөсү депутаттыкка талапкерлерге, депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партияларга төмөнкүдөй учурларда кайра кайтарылып берилет:

1) шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына өзүнүн фондун түзүүнүн булактарын, ошондой эле жүргүзүлгөн бардык сарптоолорунун өлчөмү жөнүндө отчетту берген шартта, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 15 пайыздан кем эмесинин добушун алса;

2) эгерде тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;

3) шайлоо бюллетендеринин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тартса.”;

31) 8.4. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«8.4. Күрөөнүн калган суммасы республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш. Талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо күрөөлөрүнөн түшкөн каражаттардын суммасы жөнүндө, талапкерлерге жана саясий партияларга кайтарылган шайлоо күрөөлөрдүн суммасы жана республикалык бюджетке чегерилген сумма жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланууга тийиш.”;

32) 9-главанын аталышында “жана контроль” деген сөздөр алып салынсын;

33) 9.1. пунктта:

- биринчи абзацта “шайлоолордон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен” деген сөздөр алып салынсын;

- биринчи абзац “өзүнүн” деген сөздөн кийин “шайлоо” деген сөз менен толукталсын;

- экинчи абзацта “электрондук версияда” деген сөздөрдөн кийин “(кол тамга жана мөөрү менен сканерленген көчүрмөсү) жана 7-форма боюнча электрондук сактагычта EXCEL форматында” деген сөздөр менен толукталсын;

- 2-пунктча “финансылык отчет” деген сөздөрдөн кийин “(биринчи финансылык отчеттун маалыматтарын эске алуу менен)” деген сөздөр менен толукталсын;

- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3) Үчүнчү жыйынтыктоочу финансылык отчет (жыйынды маалыматтар) – добуш берүү күнүнөн кийин 10 күндөн кечиктирилбестен. Отчеттогу маалыматтар отчет берилген датанын алдындагы 3 күндөн көп эмес датага түзүлөт. Жыйынтык отчетко төмөнкүлөр тиркелет:

- шайлоо фондунун каражаттарынын келип түшүү булактары жана чыгымдалышы тууралуу маалыматтар (7-формага 1, 2-маалыматтар);

- акча каражаттарынын атайын эсепке келип түшүүсүн жана бул каражаттардын чыгымдалуусун бышыктоочу, кагаз жүзүндөгү баштапкы финансылык документтер (эсеп-фактуралар, келишимдер, коштомо кагаздар, кабыл алуу-өткөрүү актылары, банктык көчүрмөлөр ж.б.).”;

34) 9.2. пунктта биринчи сүйлөмдөгү “шайлоо” деген сөз алып салынсын;

35) 9.3. пунктта:

- “(№7 форма)” деген сөз алып салынсын;

- “пайда болсо,” деген сөздөрдөн кийин “талапкерлер” деген сөз менен толукталсын, “укуктуу өкүлдөр” деген сөздөрдөн кийин “жыйынтыктоочу” деген сөз менен толукталсын;

36) 9.4. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

9.4. Финансылык отчетко (биринчи, экинчи, жыйынтыктоочу) талапкер жеке өзү жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кол коёт. Аймактык шайлоо комиссиясына жыйынтыктоочу финансылык отчетторду берүү кабыл алуу актылары менен жол-жоболоштурулат. Жыйынтыктоочу финансылык отчетту өткөргөнгө чейин калган бардык накталай каражаттар кайрымдуулук кылуучуларга кайтарылууга тийиш.;

37) 9.5. пунктта “калганы” деген сөздөн кийин “добуш берүү күнүнөн кийин” деген сөздөр менен толукталсын;

38) 9.6. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

9.6. Талапкердин финансылык отчетун өткөрүү милдети жеке өзүнө, же болбосо финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө, саясий партияныкы – финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө жүктөлөт.

Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун финансылык отчетторун бербеген же жарыялабаган жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.”;

39) 10.1. пунктта:

- “бербегендик жана” деген сөздөрдөн кийин “финансылык” деген сөз менен толукталсын;

- “жоопкерчиликти” деген сөздөн кийин “талапкер, талапкердин,” деген сөздөр менен толукталсын;

40) 10.2. пунктта “же сот” деген сөздөр алып салынсын;

41) Нускаманын 1-8-формалары ушул токтомго тиркемеге ылайык жаңы редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 22-январы

№10