№129 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 18-июнундагы № 02-б буйругу менен Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Мамырбаев Касымакун Мусулумович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 21-июнундагы    № 152 буйругу менен Толук айыл өкмөтүнүн башчысы Сагынбаев Рамис Алымбекович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

2018-жылдын 20-июнуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарынын мэрин, Аксы  районунун Кара-Жыгач, Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо катталган талапкерлер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калгандыгына байланыштуу өткөн жок.

 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын   6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө”, “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Нарын районунун Учкун, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 10-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарынын мэрин, Аксы районунун Кара-Жыгач, Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн башчыларын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 5-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

4.  Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2018-жылдын 21-июну 
№ 129