2013-жылдын 28-, 31-январында жана 12-февралында төмөнкү жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын: Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо жана Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өткөрүлдү, алар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 10-январындагы № 10 токтому жана 2013-жылдын 30-январындагы № 16 токтому менен дайындалган.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу аймактык шайлоо комиссиялардан келип түшкөн протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,24-пункттарына, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 28-январында болуп өткөн Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдору бекитилсин.
2. 2013-жылдын 31-январында болуп өткөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдору бекитилсин.
3. 2013-жылдын 12-февралында болуп өткөн Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдору бекитилсин.
4. Төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелинсин (тизме тиркелет).
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 11-марты
№ 33
Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2013-жылдын 11-мартындагы
№ 33 токтомуна
тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси
|
к/н № |
Аткаруу органдын аталышы |
Шайланган башчынын Ф.А.А. |
|
Талас облусу |
||
|
Талас району |
|
|
|
1. |
Айдаралиев |
Сыдыков Замирбек Бейшенович |
|
Чүй облусу |
||
|
Ысык-Ата району |
|
|
|
2. |
Ысык-Ата |
Бектуров Бакыт Мелисбекович |
|
Ош облусу |
||
|
Алай району |
|
|
|
3. |
Ленин |
Исираилов Женишбек Жаркынбаевич |