01.05.2021 №191 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы  менен дайындалган Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

2021-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылынын тургундарынан Кулунду-Борбордук аймагындагы депутаттык мандаттардын бөлүштүрүлүшүн карап чыгуу жөнүндө арыз келип түшкөн.

2021-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы түшүндүрмө жөнөткөн (чыг. №02-12/430).

Бул маселе боюнча Н.К. Арзыбаев тарабынан сотко даттанылган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-февралындагы №46 «2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй жана Ысык- Көл облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө», Бишкек шаарынын административдик сотунун 2021-жылдын 20-апрелиндеги аныктамасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2021-жылдын 28-апрелиндеги аныктамасы менен доо арызды өндүрүшкө алуудан баш тартылган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-апрелиндеги Кулунду айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Лейлек аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 1-майы

№ 191