28.11.2019 №167 2019-жылы 22-ноябрда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2019-жылы 22-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 4-ноябрындагы №157 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер – Алымкулов Замир Эсенович жана Осмонкулова Жаркын Максутовна катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2019-жылдын 22-ноябрындагы протоколу менен добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген. Добуш берүүгө Ак-Суу айылдык кеңешинин 21 депутаттынын 20 депутаты катышып, З.Э. Алымкулов – 9 добуш, Ж.М. Осмонкулова – 11 добуш алышкан, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилген.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2019-жылдын 22-ноябрындагы протоколу менен Ж.М. Осмонкулова Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылы 22-ноябрда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.

1.1. Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Осмонкулова Жаркын Максутовна Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Москва аймактык шайлоо комиссиясы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                   А.БЕКМАТОВ

Бишкек ш., 2019-жылдын 28-ноябры
№167