№462 Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл аймагындагы № 6022, Шекер айыл аймагындагы № 6024, Аманбаев айыл аймагындагы № 603 5 шайлоо участкалардын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын №6022, № 6024, № 6035 шайлоо участкалардын даректерин өзгөртүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, ошондой эле«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл аймагындагы № 6022 шайлоо участкасынын дареги, Керимбай атындагы орто мектебинин имаратынан Кайнар айылындагы клубдун имаратына өзгөртүлсүн.
2.Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл аймагындагы № 6024 шайлоо участкасынын дареги, Дүйшөн атындагы орто мектебинин имаратынан Арчагул айылындагы клубдун имаратына өзгөртүлсүн.
3.Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл аймагындагы № 6035 шайлоо участкасынын дареги, ФАПтын имаратынан О.Тургумбаев атындагы толук эмес орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
4.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
6.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 20-сентябры
№ 462