24.10.20 №264 Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 19-октябрындагы № 150-б, буйругу менен Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Алмаз Тобокелович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 12-ноябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоолорду өткөрүүнү, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону уюштурсун жана камсыздасын:

- добуш берүүчү жайдын ичин залалсыздандыруу;

- шайлоо процессинин катышуучуларынын бири биринин ортосундагы 1,5-2-метрлик аралыкты сактоо үчүн ченемдерди белгилөө;

- жайдын кире беришине жана бюллетень берген жерлерге колду залалсыздандыруучу каражаты менен камсыз кылуу;

- шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын контактсыз термометр менен өлчөө;

- шайлоо процессинин катышуучуларына бет кап жана кол кап берүү;

- колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды залалсыздандырып туруу.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2019-жылдын 24-октябры № 264