01.12.2020 №385 2020-жылы 25-ноябрында өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылы 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 297 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Бектуров Алтынбек Жунусович райондук мамлекетттик администрациясынан сунушталып катталган.
Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 25-ноябрындагы протоколу менен Эмгекчил айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын бардыгы катышып, А. Ж. Бектуров - 11 добуш добуш алгандыгы белгиленген, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш.
Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 25-ноябрындагы протоколу менен Бектуров Алтынбек Жунусович Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2020-жылдын 25-ноябрындагы Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылы 25-ноябрында өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 25-ноябрындагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Бектуров Алтынбек Жунусович Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Нарын аймактык шайлоо комиссиясы Эмгекчил айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 1-декабры
№ 385