26.05.2021 №334 Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 - беренесинин 7-бөлүгүнө жана 2011-жылдын 06-декабрындагы ”Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын № 176 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен өз ыктыярлары менен чыгаруу боюнча Тыналиева Бейсекул Карабалаевнанын, Узанова Жибек Узановнанын, Рысбаева Бактыгул Жусупбековнанын, Эралева Назира Басарбековнанын, Шайдылдаева Кенжекан Кенжетаевнанын, Мамырбаева Сагынбүбү Арыкбаевнанын, Жаналиева Гулнара Сагынбековнанын, Осмонкулов Рыскул Биримкуловичтин арыздарынын негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Тыналиева Бейсекул Карабалаевна, Узанова Жибек Узановна, Рысбаева Бактыгул Жусупбековна, Эралева Назира Басарбековна, Шайдылдаева Кенжекан Кенжетаевна, Мамырбаева Сагынбүбү Арыкбаевна, Жаналиева Гулнара Сагынбековна, Осмонкулов Рыскул Биримкулович комиссиянын резервинен чыгарылсын.

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараттынын жетекчиси М. Конурбаевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА            

Бишкек ш., 2021-жылдын  26-майы

№334