11.06.2021 г. № 397 2021-жылдын 7-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 204 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер – Маткалыков Асилбек Жоробаевич «Ыйман Нуру» депутаттык фракциясынан, Эрматов Абдимиталип Маматисаевич «КЭДП» депутаттык фракциясынан сунушталып катталган.
Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Кызыл-Кыя шаардык кеңешиндеги 31 депутаттын 31 депутаты катышып, А. Маткалыковго - 17 добуш, А. Эрматовго - 14 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Маткалыков Асилбек Жоробаевич Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 7-июнундагы Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Маткалыков Асилбек Жоробаевич Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.
2. Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кызыл-Кыя шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 11-июну
№ 397