04.02.2020 №30 Кыргыз Республикасынын шайлоолордо жана референдумдары өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жобо

“Кыргыз Республикасынын шайлоолордо жана референдумдары өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы №216 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын айрым категориядагы жарандарынын шайлоо укугун камсыздоону өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын шайлоо жөнүндө мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү максатында жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14, 33-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 33-беренелерин, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Кыргыз Республикасынын шайлоолордо жана референдумдарын өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы №216 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1.2-пунктунун төртүнчү абзацында “аскер кызматчылары” деген сөздөрдөн кийин “жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү” деген сөздөр менен толукталсын;

2) 1.3-пунктунда:

- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1.3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, уюмдар жана ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоочулардын ушул категориядагы жарандарына шайлоо укуктарын камсыздоого шайлоо комиссиясына көмөк көрсөтөт. Социалдык-стационардык мекемелерде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана уюмдарында, шектүү жана айыптуучу катары кайтарууда кармоочу жайларда жүргөн, Башкы штабдын окуу жайларындагы шайлоочуларды, чакыруу же контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жүргөн аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды эсепке алуу үчүн, жогоруда көрсөтүлгөн мекемелер карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ар бир жылдын 1-февралына жана 1-августуна карата көрсөтүлгөн шайлоочулардын анык саны жөнүндө маалыматты БШКга берип турууга милдеттүү. Форма БШК тарабынан бекитилет жана облус, район, калктуу конуш боюнча мекеменин (ишкананын) аталышы, жайгашкан жери жана мекемелердеги (ишканалардагы) айрым категориядагы жарандардын – шайлоочулардын саны, орундардын саны жөнүндө маалыматтарды камтыйт.”;

  • төмөнкүдөй мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын:

“- мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу органдарынын (Социалдык фонд жана анын аймактык органдарынын)”;

- иш цикли үзгүлтүксүз ишканалардын жетекчилеринин.”;

3) 3.5-пунктунда “12 календардык күндөн” деген сөздөр алып салынсын;

4) 4.8-пунктунда “аскер кызматчыларынын” деген сөздөрдөн кийин “жана мамлекеттик чек араны түздөн-түз коргоочу бөлүмчөлөрдүн аймагында жашаган алардын үй-бүлө мүчөлөрү” деген сөздөр менен толукталсын;

5) 5.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

5.2. Ушул категориядагы жарандардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтери жок болгон учурда мекемелердин жетекчилери ал жарандардын жазык иштери өндүрүшүндө болгон органдарга маалымат берет.

Жазык иштери өндүрүшүндө болгон органдар МКК менен өз ара аракеттешип, жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы жарандардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтерин алууну уюштурат.”.

6) Жобо төмөнкүдөй мазмундагыдагы 5-1-глава менен толукталсын:

“5-1. Иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда (вахталык иштерде) болгон жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча ишти уюштуруу

5-1.1. Иш цикли үзгүлтүксүз ишканалардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен вахталык ыкмасы боюнча иштеген шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды ушул мекеме жайгашкан шайлоо участоктук комиссиясына жөнөтөт. Жетекчинин колу коюлуп, ишкананын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалыматтар төмөнкү маалыматтарды ичине камтыйт: ушул Жобого 1-тиркемеге ылайык жарандардын тизмеси жана паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен 2-форма боюнча жарандардын арыздары (ушул Жобого 2-тиркеме).

5-1.2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүү учурунда участоктук шайлоо комиссиясына маалыматтар паспорттогу белгисине ылайык шайлоо өткөрүлүүчү жана ишкана жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жарандарга гана берилет.

5-1.3. Бул ишканалар жайгашкан шайлоо участогунун аймагында туруктуу жашаган жарандарга 2-форма (ушул Жобого 2-тиркеме) толтурулбайт.

5-1.4. Шайлоо комиссиялары тарабынан маалыматтар алынгандан кийин жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү тартиби ушул Жобонун 2.7. - п. каралган тартипке окшош жүргүзүлөт.”.

7) төртүнчү абзацтагы 6.2.-пунктагы “аскер кызматчыларын” деген сөздөрдөн кийин “ошондой эле мамлекеттик чек араны түздөн-түз коргоочу бөлүмчөлөрүнүн аймагында жашаган алардын үй-бүлө мүчөлөрүн” деген сөздөр менен толукталсын;

8) 6.3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Мамлекеттик чек араны түздөн-түз коргоочу алыстагы бөлүмчөлөрүндө кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо максатында участоктук шайлоо комиссиялары добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен жайдан тышкары добуш берүү үчүн зарыл чараларды уюштурат.”.

9) Жобо бул токтомдун 1,2,3-тиркемелерине ылайык 4,5,6-тиркемелер менен толукталсын.

2. Бул токтом “Эркин-Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Б.С. Кадыровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш. 2020-жылдын 4- февралы

№ 30