Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргызстан” парламенттик фракциясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ишенбеков Урмат Ишенбековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызы боюнча кабыл алынган 2015-жылдын 22-декабрындагы №19 чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткорүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ишенбеков Урмат Ишенбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ишенбеков Урмат Ишенбековичтин күбөлүгү ушул токтом күчүнө киргенден тартып жараксыз деп табылсын.
- Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А. Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 3-февралы
№21