Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 39-беренесинин 12-пунктун бирдиктүү колдонуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 39-беренесинин 12-пунктун колдонуу тууралуу Түшүндүрмө бекитилсин (тиркелет).
2. Маалыматтык технологиялар бөлүмү бул токтомду төмөн турган шайлоо комиссияларына билдирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү К.С. Сооронкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 8-октябры
№ 316